Балаңыздын мурдунан суу агып, жөтөлбөй элеби? Жаңы вирус жайылууда

АКШ, Улуу Британия, Швейцария жана Япониянын дарыгерлери дүйнө жүзү боюнча балдар буга чейин анча белгилүү болбогон вирусту жуктуруп баштаганын билдиришти. Ал дем алуу органдарында инфекция жаратат. Бул тууралуу ВВС News жазды.

АКШдагы дарыгерлердин айтымында, ымыркай жана наристелердин арасында жаңы вируска чалдыгуу жаз мезгилинде башталып, атүгүл балдар жаткан бөлүмдөрдө бош орун калбай калган. Наристелер вирусту жеңил көтөргөн, анын белгилери тумоого окшош, мурдунан суу агып жана жөтөлөт. Окумуштуулардын баамында жаңы вирустун тароосуна коронавирустун пандемиясы шарт түзгөн, карантиндик чаралардан улам балдарда иммунитет иштелип чыккан эмес.