Баласын карга ыргыткан блогерге кылмыш иши козголот

Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин баласын кар күрткүсүнө ыргыткан блогер Сергей Косенкого кылмыш ишин козгоону буйруду. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазышты.

«Чет өлкөдө жүргөн блогер Сергей Косенко Орусияда тыюу салынган социалдык тармактарга эки айлык баласын карга ыргытып жиберген видеосун жарыялаган. Ошондой эле тергөөчүлөргө Косенконун Орусиянын укук коргоо органдарына экстрадицияланышы жана анын салык мыйзамдарын сакташын текшерүү үчүн текшерүү жүргүзүү боюнча компетенттүү органдарга суроо берүү тапшырмасы берилди», — деп айтылат маалыматта. 

Косенко видеону 7-январда жарыялаган. Терс комментарийлерден кийин ал карга баланы эмес, куурчакты ыргытканын билдирген. Кийинчерээк ал видеону өчүрүп салган.