Балаты майрамына «кол жуугуч» болуп барган бала көңүл чордонунда

Социалдык тармактын колдонуучулары мектептердин биринде өткөн балаты майрамына адаттан тыш жаңы жылдык костюм кийип барган баланын видеосу менен бөлүшүп жатышат. 

Tengri LifeStyle жазгандай, видео Акмола облусунун Егиндикөл районундагы Узынкол айылындагы орто мектепте тартылган. Анда бала “жаңы жылдык кол жуугуч” болуп барган. ТикТоктун колдонуучулары посттун астына «Бул Мойдодыр болсо керек», «Муну атасы ойлоп тапкан», «Сонун костюм», «Эң оригиналдуу костюм», «Чыгармачыл ата-энелер» деп жазышууда. 

Мектептин директору Асел Трысбаеванын айтымында, 2-класстын окуучусу Эльдар Кусаинов адаттан тыш жаңы жылдык костюм менен келген. Видео 30-декабрда тартылган. Балдардын кийимдеринин сынагы болуп, ага 30га жакын бала катышкан. 8 жаштагы Эльдар Кусаинов «жаңы жылдык кол жуугуч» үчүн биринчи орунду алып, ага ага смартфон беришкен.

Баланын апасы Эльвира Кусаинова костюмдун атактуу каарман Мойдодырга эч кандай тиешеси жок экенин, үй-бүлө жөн гана майрамга оригиналдуу жана күлкүлүү образ жаратууну чечкенин айтты. 

@bor4ik_27умывальник новогодний костюм♬ оригинальный звук — Ainur