Балдак менен басып, 2 уулун тарбиялаган энеге беткапчан киши үй белек кылды (видео)

Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу казакстандык үй-бүлөгө жардам берди.

Видеодо 11 жаштагы Азамат аттуу баланын жашоосу чагылдырылат. Ал апасы эки балдак менен басарын, ал эми иниси сүйлөбөрүн айтат. «Биз апам үчөөбүз ижарага алынган батирде жашайбыз. Апам бизге тамакты шкафка тирелип алып бышырып берет. Бул апам үчүн өтө кыйын. Мен көмүр, отун, суу… Баарын ташыйм. Апам бутуна туруп кетсе экен дейм, башка эч нерсе керек эмес», — дейт өспүрүм.

Беткапчан киши Азаматка апасын дарылатууга жардам берерин убадалап, аларга үй белек кылды.