Балдар кабатырланбай эле койсо болот: Санта-Клаустун коронавируска иммунитети бар

“Балдар кабатырланбай эле койсо болот. Санта-Клаустун коронавируска каршы иммунитети бар”. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмунун адиси Мария Ван Керкхове билдирди.

Бүт дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинен улам наристелерден Жаңы жыл жакындаган сайын “Аяз ата келеби? Коронавирус жуктуруп алам деп келбей койбойбу? Ал ооруп калган жокпу? Бизге белек береби?” деген сыяктуу суроолор жаап, ага жогорудагыдай жооп жарыялоого туура келген.

“Мен балдардын тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Алар пандемияга байланыштуу Санта Клаус Рождествого келбейт деп ойлоп жатышат. Биз жакында эле аны менен сүйлөштүк, ден соолугу жакшы экен. Анын коронавируска иммунитети бар”, — деген ал.

Ошондой эле, көптөгөн өлкөлөрдө майрам алдында чектөөлөр атайын жеңилдетилип жатканын айтты. 2020-жылы кандай оор болгонун ушундан билиңиз, бельгиялык министр да Сантага кат жазып, балдардын белек алуусу үчүн карантиндин эрежелерин бузууга уруксат берген.