«Топ чөктүрбөй алып жүргөн». Македонияда деңизге толкун алып кеткен турист 18 сааттан кийин табылган

Балдардын тобу түндүк македониялык туристти деңизден аман алып калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, 10-июль күнү 30 жаштагы Иван достору менен Кассандра жарым аралында эс алып жүргөн. Бир күнү эки досту жээктеги катуу толкун деңизге алып кеткен. Эс алуучулар дароо чуу түшүп, куткаруучулар келип издөөгө киришкен. 18 сааттан кийин Иванды Грециянын аба күчтөрүнүн тик учагы асмандан байкап калган. Балдардын тобу жели аз калганына карабай саякатчынын чөктүрбөй алып жүргөнү маалым болгон.

Деңизде оюнчуктун жардамы менен аман калган саякатчынын окуясын жергиликтүү телеканалдан беришкен. Анын аман калышына себепкер болгон топту ээси таанып, эки баласы 10 күн мурун жээкте  жоготуп алышканын айткан. Топ 129 чакырымга чейин барып, Ивандын аман калуусуна себепкер болгон. Иван менен чогуу деңизге кирип кеткен досунан дагы деле дайын жоктугу айтылат.