«Балдары кабар алайын деп келип, ата-энесинин кайтыш болгонун көрүп жатышат». Канадада үп абадан каза болгондор көбөйүүдө

Канаданын провинциялары жана шаарларында 25-июндан бери аба ырайы адаттан тыш ысык болуп, соңку маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 200 кишиден ашты. Британиялык Колумбия провинциясында 233 өлүм, Ванкувер шаарында 65 өлүм, Сюррей шаарында 38 өлүм катталды. Полициянын маалыматы боюнча, үп боло элек учурда күн сайын каза болгондордун саны 4-5 кишиден ашчу эмес. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Британиялык Колумбиянын башчысынын айтымында, учурда катуу ысып жаткан аймактар буга чейин тарыхында мындай үп абаны көргөн эмес. Алсак, аталган провинцияда соңку рекорд 1941-жылы 44 градус ысык деп белгиленген. Азыркы тапта 49 градустан ашып жатканы белгилүү. Ванкуверде 15 жылдан бери полиция кызматкери болуп иштеген адам мындай кыска убакытта капыстан каза болгондордун көп санын көрө электигин билдирген. «Балдары кабар алайын деп келип, ата-энесинин кайтыш болуп кеткенин көрүп жатышат. Каза болгондордун көбү өнөкөт оорулары бар картаң адамдар», — деген ал.

Бийлик тарабынан ысык болуп жаткан аймактарга полициянын кошумча күчтөрү жөнөтүлүп, мектеп, бала бакча жана башка мекемелер өзгөчө кырдаалга байланыштуу жабылды. Жашоочулар өтө муктаждык болбосо, үйлөрүнөн чыкпоого аракет кылышууда. Бирок 30 градус ысык аба ырайынан ашпаган Канадада көп үйлөрдө кондиционер орнотулган эмес. Андыктан, фонтандар күнү-түнү иштеп, атайын муздак болгон жайлар ачылууда.