«Балдарын каникулда алып кеткен». Казакстанда атасы 3 баласын өлтүрүүгө шектелип жаткан окуя боюнча жаңы жагдайлар

Казакстанда 2011, 2014, 2016-жылы туулган балдарын өлтүрүүгө шектелип балдардын атасы кармалган. Полиция билдиргендей, 36 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Үрөй учурган окуя 25-мартта Актауда катталган. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, ата 3 баласын бычактап салган. Жерине барган полиция 12, 9 жана 7 жаштагы киши колдуу болгон балдардын жансыз денесин тапкан.

Шаардык кеңештин депутаты Гүлмира Абишева өзүнүн соцтармактагы баракчасына үч кичинекей баланын өз атасы тарабынан өлтүрүлүшү боюнча жаңы маалымат менен бөлүштү. Анын айтымында, трагедиянын айрым деталдары ага расмий эмес булактардан белгилүү болгон.

Маалым болгондой, балдар апасы менен Атырауда жашашкан. Атасы эки кызын жана уулун каникул учурунда алып кеткен. «Ал аялы менен ажырашып кеткен, алар өзүнчө жашашат, ал балдарды каникулга алып кетип, окуя ушундай аяктады», — деп жазган Абишева.

Казакстандын маалымат каражаттары кабарлашкандай, окуяга күбө болгондор окуя болгон күнү атасы үйдүн жанындагы дүкөнгө барып, ал жерден бир бөтөлкө арак жана үч балмуздак сатып алганын айтышкан.