“Балдарын терезеден ыргытып”. Алматыда 16 кабат үйдөн өрт чыкты (видео)

Алматыдагы 16 кабаттуу турак жай комплексинде өрт чыгып, 6-кабаттын жашоочулары терезесинен балдарды жердеги килемчелерге ыргытып жаткан учур видеого түшүп калган. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.

Видеодон эненин балдарын терезеден ыргытып, андан кийин өзү секирип жатканын көрүүгө болот.

Казакстандын ӨКМи өрт 5-кабаттан чыкканын билдирген. Алар 18:46да өрттү чектөөгө алышкан.