Balenciaga «ичеги» сымал шарфтарын сатыкка чыгарды. Анын баасы 1700 евро

Франциянын Balenciaga бренди адаттан тыш дизайндагы шарфтарды сатууну баштады. Бул тууралуу бренддин сайтында маалымдалды.

Жаңы Wire Scarf аксессуары бренддин жайкы жаңы коллекциясында сунушталды. Шарф жүндөн жасалып, баасы 1700 евро (160 миң сомдон ашык). 

Бирок соцтармактын колдонуучуларына аксессуардын жасалгасы жакпай калган. Комментарийге “ичегиге окшош экен”, “бул бут кийимдердин боосубу?”, “дизайн начар” деп жазышкан.