Индонезиянын Бали аралында болгон катуу суу ташкынынан 14 адам каза болду, алардын бири чет элдик жаран. Дагы экөө дайынсыз болуп жатканын жергиликтүү Jakarta Globe билдирди.
Табигат кырсык бир суткадан ашык токтобогон нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 9-сентябрдын кечинде башталган. Жембрана районунда үйлөрүн суу каптаган 85 киши эвакуацияланды. Жүздөгөн адамдар мектептерден, чиркөөлөрдөн жана башка коомдук имараттардан убактылуу баш калкалаган жай издөөгө аргасыз болуп жатышат.