«Балконго да чыгарчу эмес». Казакстанда радикалдын аялынын маеги жарыяланды

Казакстандын коопсуздук комитети соттолгон радикалдын аялынын айтканы камтылган “Тамук” даректүү тасмасын жарыялады.

Аял кемсинтүү, ур-токмоктон өтүп, өз жанын кыюуга аракет кылганын айткан. «Алгач мага хиджаб кийгизди, анан намаз окуй баштадым… Анан толугу менен паранжа кийгизди… Ал мени күч менен чет өлкөгө алып кетти. Мен ага «Кайра кетели, балдарымды сагындым, ооруп жатам. Мен өлсөм, ата-энемди да, балдарымды да көрө албай калам» деп жалындым. Чыда, өлсөң, шахид болуп өлөсүң деп айтты», — деди ал.