«Балталап өлтүрүп, скотч менен ороп…». Орусияда атасы уулунун сөөгүн карга жашырып койгон

Новосибирск милициясынын кызматкерлери Кольцово айылында өзгөчө оор кылмыштын бетин ачышты. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты. 

Милицияга Молодежная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанындагы эриген кардан эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Каза болгон жаран 42 жаштагы жергиликтүү тургун болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары маркумдун мурда соттолбогон 68 жаштагы атасы кармалган.

2021-жылдын декабрь айынын соңунда кармалган адам уулун балта менен бир нече жолу чаап, андан соң денесин баштык жана скотч менен ороп, жашаган жеринен анча алыс эмес жерде карга жашырып койгону белгилүү болгон.