«Баңгизат колдончу». 28 жаштагы келин өз уулуна бычак менен кол салган

Санкт-Петербург полициясы өз уулуна бычак менен кол салган 28 жаштагы Фрунзенский районунун тургунун кармады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, бала 9 жашта. Анын колунда бычактан алган жаракаттар бар. Ал ооруканага жаткырылган. Полиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, келин өз апасы — баласынын чоң энеси менен уруша кеткен. Уруш анын баңгизат колдонгонунан чыккан. Кызы өзүн агрессивдүү боло баштаганда, чоң эне жардам сурап коңшуларына барган. Чоң эне кайтып келип, небересинин жаракат алганын байкаган.

Полиция баланын өмүрүнө коркунуч жок экендигин билдирди.