Бангладеште ресторан өрттөнүп, 40тан ашуун адам каза болду (видео)

Бангладештин борборундагы ресторанда чыккан өрттөн кеминде 44 киши каза болуп, 20 киши жаракат алганын Dhaka Tribune басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, өрт 7 кабаттуу соода борборунун биринчи кабатында жайгашкан ресторандан чыккан. Ага ашканада жайгашкан баллондордон газ чыгып кеткени себеп болгон. Окуя болгон жерде 13 өрт өчүрүү бригадасы иштеп, эки саатта өрт өчүрүлгөн. 

Куткаруучулар 75ке жакын адамды эвакуациялашты, алардын көбү эс-учун жоготкон. Түтүндөн улам адамдар эшикке чыга алышпай калган. BDNews порталы каза болгондордун көбү ресторандын кызматкерлери, анын ичинде ашпозчу жана анын жардамчысы экенин тактады. Каза болгондордун арасында кеминде 4 бала бар.