Бангладеште студенттердин көтөрүлүшү 200дөн ашык адамдын өмүрүн алды (видео)

15 жылдан ашык бийликте турган Бангладештин премьер-министри Шейх Хасина нааразылык акцияларынан улам кызматтан кетип, сиңдиси менен өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү Prothom Alo жана Reuters басылмасы жазып чыкты.

Нааразылык акциялары июнь айынын аягында башталган. Ага соттун 1971-жылдагы Бангладештин көз карандасыздыгы үчүн согушкан ардагерлердин туугандарына мамлекеттик кызматтын 30 пайызын берүү боюнча системаны калыбына келтирүү чечиминен кийин башталган. Бул чечим бүт өлкө боюнча студенттер арасында нааразылык акцияларын жаратып, ал өкмөткө каршы болууга чейин жеткен.

19-июлда бийлик нааразылык акциясын басуу үчүн аскер күчтөрүн киргизип, өлкөдө интернетке кирүүгө чектөө киргизе баштаган. Июль айында эсептөөлөр боюнча 150дөн 200гө чейин адам каза болуп, 11 миңден ашуун адам камакка алынган. 4-августта гана коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда кеминде 90 киши набыт болду. Активисттер элди премьер-министрди кызматтан кетүүгө мажбурлоо үчүн 5-августта жөө жүрүшкө чыгууга чакырышкан. 

5-августта миңдеген адамдар премьер-министрдин резиденциясына кирип барышты. Видеодо айрым демонстранттар премьер-министрдин резиденциясын талкалап, эмеректерди чыгарып кетип жатканын көрүүгө болот.