Бангладеште машыгуу учагы колледж менен мектептин аймагына кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, 19 адам каза болуп, 50дөн ашууну жаракат алган.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөргө караганда, учак имараттын дубалын сүзүп, күйүп кеткен. Жергиликтүү Prothom Alo басылмасы учак абага көтөрүлгөндөн 12 мүнөттөн кийин кулаганын жазды. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.
22-июлда Бангладеш курман болгондор үчүн аза күтүү жарыялады.








