Кинорежиссер Грета Гервигдин тасмасы кассадан бир миллиард доллардан ашык киреше тапкан биринчи айым болду.
«Барби» комедиясынын дүйнө жүзү боюнча тапкан кирешеси миллиард доллардан ашты. Түндүк Америкада 459 миллион доллар жана башка өлкөлөрдөн 572 миллион доллар киреше тапкан», — деп жазат Variety басылмасы.
Тасманын дүйнөлүк премьерасы 21-июлда болду. Мындай жыйынтыкка тасма болгону 12 күндө жете алган. Буга чейин бул рекорд 19 күндүн ичинде миллиард чогулткан «Гарри Поттер и Дары смерти: Часть 2» тасмасына таандык болчу.