Барбиге айланган Елизавета IIнин куурчагы 3 секундда сатылып кетти

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II такка отурганына быйыл 70 жыл болот. Анын урматына Барби куурчагынын чектелүү санда чыгарылган сериясы сатыкка чыгып, 3 секундда сатылып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

96 жаштагы ханышанын өңү түшүрүлгөн куурчак болжолдуу 95 фунт стерлинг (9650 сомдун айланасы) баада болгон. Аны көз ачып-жумгуча сатып алганга үлгүргөндөр аны кайра эки эсе кымбат сатышы мүмкүндүгү айтылууда. Барби куурчагын чыгарган «Mattel» компаниясы суроо-талап күчтүү болгон өзгөчө куурчактардын дагы бир партиясын чыгармай болушту.

Улуу Британиянын ханышасы платина юбилейин 2-июнда белгилейт.