Барбинин өндүрүүчүсү Даун синдрому менен ооруган жаңы куурчакты көрсөттү (сүрөт)

Америкалык Mattel компаниясы — Барби оюнчуктарын өндүрүүчүсү — Даун синдрому бар биринчи куурчакты чыгарды. Компаниянын сайтында айтылгандай, куурчактын баасы 10,99 доллар.

Компаниянын маалыматы боюнча, Даун синдрому бар ар бир балага өзүнө окшош оюнчуктарды табууга жардам берет. Жаңы куурчакты иштеп чыгуу үчүн компания Даун синдрому боюнча улуттук коом жана медициналык коомчулук менен кызматташкан. Эксперттер менен бирге компания Даун синдрому бар кыз кишинин дене түзүлүшүн чагылдырган оюнчукту тартуулады.