Барселонадагы башаламандыктар: 100 адам кармалды
El País жана Betevé басылмаларынын маалыматына караганда, социалдык тармактарда шаардын борборуна барууга чакырык тараган. Ага жүздөгөн жаштар кошулган. Башаламандыктар болжол менен саат кечинде башталып, түнү бою уланган. Нааразылык акцияларынын так максаты азырынча белгисиз.
Шаарда таштанды контейнерлери өрттөлүп, көчөдөгү эмеректер, велосипеддер жана мотоциклдер талкаланган. Ошондой эле дүкөндөр тонолгон. Полиция болжол менен 100 адам кармалганын, алардын төрттөн бири жашы жете электер экенин билдирди.
«Каталонияда зордук-зомбулукка орун жок. Эч качан. Нааразылык билдирүү — демократиялык укук. Бирок кол салуу, коркутуу жана мүлктү бүлдүрүү укукка жатпайт», — деди Каталониянын аймактык администрациясынын башчысы, социалист Сальвадор Илья.
Ал эми Барселонанын мэри Жауме Кольбони окуянын кесепети сөзсүз болорун айтып, жашы жете электер үчүн алардын ата-энелери жоопкерчилик тарта турганын билдирди.
«Биз шаардын талкаланышына жол бербейбиз», — деди мэр.