Башар Асад үн катты

Башар Асад Сириядан качып кетүү ниети болбогонун айтты. Бул маалымат Башар Асадга таандык делген Телеграм каналга кечээ, 16-декабрда жарыяланды.

Анда Асад Дамаск козголоңчулардын колуна өткөндөн кийин Латакиядагы орус базасына согуштук операцияларды көзөмөлдөө үчүн барганы жазылган. Бирок абал курчуп, 8-декабрда аны шашылыш түрдө Орусияга эвакуациялашканы баяндалат.

8-декабрь күнү «Хайят Тахрир аш-Шам» радикал уюму баштаган козголоңчулар Башар Асад режимин кулаткан.