Деликатеске келген башы жок бака тарелкадан секирип кетти

Кытай ресторанында башы алынган бака тарелкадан секирип кетип, кардардын жүрөгүн түшүрдү. Бул тууралуу басылмаларда жарыяланды.

Окуя Сычуань провинциясындагы Чэнду шаарындагы ресторанда болгон. Кардар ресторанга кирип, жергиликтүү деликатести заказ кылган. Анда чилиге маринаддалып, башы алынган бака келген. Тарелканы алып келгенде күтүлбөгөн жерден башы жок, териси сыйрылган бака секирип кетип, кардарды чочуткан.