«Башын денесинен ажыратып…» Орусияда 64 жаштагы киши кошунасынын өлүмүнө шектелип жатат

Ленинград облусунун Орехово айылында пенсионер киши колдуу болду. Анын башы денесинен ажыратылган. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип 64 жаштагы кошунасы кармалган. Экөө спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. Уруштун жүрүшүндө эркек киши аял кишини бычак менен сайган. Кийин башын өзүнчө бөлүп салган.

Кылмышка шектүү кармалып, камакка алынган. Сот жакынкы арада бөгөт чарасын карайт.