Ташкентте болгон күчтүү жарылуунун жана өрттүн кесепетинен 17 жаштагы өспүрүм каза болуп, дагы 163 адам жаракат алган. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 24 жабырлануучу Республикалык тез медициналык жардам илимий борборуна жана анын Ташкент облусундагы филиалына, Ташкент шаардык тез жардам ооруканасына, республикалык жана шаардык клиникалык ооруканаларга, ошондой эле №1 төрөт үйүнө жаткырылган. Калган жабырлануучуларга амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Каза болгон өспүрүм жардыруу болгон кампанын жанындагы көп кабаттуу үйдө жашап, башына терезенин жыгачы кулап каза болгон. Өзбекстандын президентин тапшырмасы менен Ташкенттин Сергели районундагы өзгөчө кырдаалды иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.
28-сентябрда Ташкенттеги кампалардын биринде катуу жарылуу болуп, өрт чыккан. Өз кезегинде Өзбекстандын Ички иштер министрлиги өзүнүн Telegram-каналында өрт Ташкенттин Сергели районундагы «Интер Логистикс» ЖЧКсына таандык кампада чагылган түшкөндүгүнө байланыштуу болгонун билдирди. Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошондой эле социалдык тармактарда жарылуу учак кырсыгына байланыштуу деген жалган маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.