Батумиде урандынын астынан аман калган ымыркайды алып чыгышты (видео)

Бүгүн, 8-октябрда Батуминин борборунда беш кабаттуу турак үйдүн бир бөлүгү урап түшкөн. Ал үйдө 12 үй-бүлө жашаган.

Маалыматтарга караганда, үй 1980-жылдары 5 кабаттуу болуп курулган, бирок кийин дагы эки кабат кошулган. Грузиялык куткаруучулар дал ошол урап калган үйдүн урандыларынын астынан жашы жете элек баланы жана кишини алып чыгышып, ооруканага жеткирилди. Дагы бир маалыматтар боюнча, урандынын алдынан жеңил жаракат алган киши табылган. 

Кийинчерээк Rustavi 2 телеканалы куткаруучулар тирүү калган үчүнчү баланы — бул жолу жаңы төрөлгөн ымыркайды урандылардан алып чыкканын кабарлады. «Батумиде жаңы төрөлгөн баланы урап калган үйдүн астынан алып чыгып, ооруканага жеткиришти», — деп билдиришти телекомпаниядан. Азырынча үйдүн урашына эмне себеп болгону белгисиз. Бирок газдын жарылышы же оңдоп-түзөө учурунда жүк көтөрүүчү дубалдын бузулушун жүйө келтиришүүдө.