Батыш Африкада эки этникалык топтун кагылышуусунан улам 10 адам көз жумду

Батыш Африканын Нигериясына караштуу Эбони штатында эки этникалык топтун кагылышуусунан он адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалымат боюнча, Эбони провинциясынын Охаукву аймагындагы Эфиум жана Эзза Эффийум этникалык топторунун ортосунда зордук-зомбулук болуп, эки тараптын кагылышуусу күчөгөн. Кагылышууда он адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алган жана жашоочулардын турак жайлар күйүп кеткен. Бул башаламандыктан жанын куткарып калуу үчүн аймактын жашоочулары үйлөрүн таштап шаардан сыртка чыгып кетишкен.