Беларусь коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын жарыялады

Беларуста COVID-19 үчүнчү толкуну башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин гигиена, эпидемиология жана профилактика бөлүмүнүн башчысы Инна Карабан билдирди.

«Биздин республикада жугуштуу оорунун кезектеги өсүшү башталды — биз муну үчүнчү толкундун башталышы деп атасак болот», — деди Инна Карабан.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Беларуста 336,8 миң адамдан коронавирус аныкталган.