Беларуста мобилизация башталдыбы? Лукашенко маалымат берди

«Беларустун Коргоо министрлиги мобилизациялоону пландабайт» деп билдирди президент Александр Лукашенко.

«Бул мобилизация Орусияда жүрүп жатат. Мобилизация болбойт. Бул калп», — деди Лукашенко журналисттерге.

Лукашенко кошумчалагандай, Беларусь коркунучтарга жана террордук актыларды жасоо аракеттерине жооп кайтарат. Бул максатта өлкө аймагында жарандардын өз милдеттерин билүүлөрү жана коркунуч жаралган учурда аскердик чеберчиликке ээ болушу үчүн ар кандай машыгуулар байма-бай өткөрүлүп турат.