Беларусия «Евровидение» ыр сынагына катышпай калышы мүмкүн

Швециянын өкүлү, Европа парламентинин депутаты Карин Карлсбро Беларусияны «Евровидение» ыр сынагына катыштырбоону талап кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкканын чет элдик маалымдоо каражаттары билдиришти.

«Бүгүн мен Беларусиянын «Евровидение» сынагына катышуусуна тыюу салууну талап кылган Европа телерадио компаниясынын кол топтоо акциясына катыштым», — деп жазган Карин Карлсбро Фейсбук баракчасына.

Белгилей кетсек, Евровидение 2021-жылы 18-22-май аралыгында Роттердамда өтөт.