Беларуста каршылык акциясына чыккан миңден ашуун киши кармалды

Кечээ, 15-ноябрда Беларуста каршылык акциясына чыккан 1043 киши кармалды. Алардын дээрлик баары Минск шаарындагы каршылык акциясына чыккандар. Мындай маалыматты 16-ноябрга караган түнү укук коргоочу «Весна» борбору таратты.

Кармалгандардын саны дагы жогорулашы ыктымал.

Каршылык акциясы буга чейин кармалгандан көп өтпөй каза болгон Роман Бондаренкону эскерүүгө  багышталган. Ага миңдеген адамдар келип, бирок күч органдары чогулгандарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Кармалгандардын биринин жактоочусу Tut.by басылмасына билдиргендей, милициялык бөлүмгө жеткирилгендер коомдук тартипти одоно бузуу аракеттерин уюштуруу жана даярдоого шектелип жатышат.

9-августтан тарта Беларуста президенттик шайлоонун чечимине каршы митинг уланууда. Анда эл Лукашенконун 6-ирет шайдоодон жеңип чыгуусуна нааразы болушууда.