Беларуста 28-январда президенттик шайлоо өтөт. Ага өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко да катышат.
Андан башка бул жарышта Олег Гайдукевич, Анна Канопацкая, Сергей Сыранков, Александр Хижнякдар бар. Ошентсе да Лукашенконун шайлоодо олуттуу атаандаштары жок. Оппозициялык лидерлер түрмөлөрдө же эмиграцияда. Оппозиция лидери Светлана Тихановская бул шайлоону жалган деп атап, шайлоочуларды бардык талапкерлерге каршы добуш берүүгө чакырды.
2020-жылдагы шайлоодо Лукашенко 80 пайыз жыйынтык менен жеңүүчү деп жарыяланган. Анда бурмалоолор, массалык нааразычылык акциялары, камоолор болгон.