Беларуста турак үйдүн үстүнө аскер учагы кулады (сүрөт)

Бүгүн, 19-майда Беларусь өлкөсүнүн Баранович шаарында аскердик окуу-машыгуу учагы кулап түштү. Ал турак жайдын үстүнө кулап, 2 учкуч көз жумганын өлкөнүн Коргоо министрлигинен билдиришкен.

Учак аэродромдон Чыгыш кичи району тарапка чыккан. Асманга көтөрүлгөндөн кийин Роза Люксембург көчөсүндөгү жеке турак жайга урунган. Учакты майор Андрей Ничипорчик менен лейтенант Никита Куканенко башкарып чыккан.