Белден келген карда бейтаптарга бара жаткан дарыгерлер. Министр ыраазчылык билдирди

Казакстанда Тез жардам кызматынын фельдшерлери катаал аба ырайында бейтаптарга кантип жетүүгө аргасыз болоорун видеого тартып алышкан. Актөбө облусунун Хромтау шаарында Тез жардам кызматынын үч кызматкери бейтапка дээрлик бир сааттай жете алышкан эмес. Видеодон белден келген карда дарыгерлер тизелеп, карда сойлоп бара жатканын көрүүгө болот. Tengrinews.kz сайтынын кабарчысы видеонун автору менен байланышкан. 

Сая Рысбай Тез жардам кызматынын диспетчерлери бейтапка эмне үчүн мынчалык көп убакытты талап кылып жатканын түшүнүшү үчүн баарын камерага тартып алганын айтты.

«Чалуу жүрөгү ооруп жаткан бейтаптан түшкөн. Унаа менен жолдун жарымына гана жете алдык. Ал эми калган 2-3 чакырымды басып өтүүгө туура келди, анткени жолду кар басып калган экен. Бактыга жараша, кыйынчылык анча деле олуттуу болгон жок. Жеринде консультация берип, кардиограмма тарттык. Ооруканага жаткыруу боюнча эч кандай көрсөткүчтөр болгон жок», — деген Хромтау шаардык медициналык Тез жардам станциясынын келген бригадасынын улук фельдшери.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Акмарал Альназарова видеого реакция кылып, соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды. «Аязда, кар бороонунда, жолсуз шарттарда тез жардам бригадалары экстремалдык шарттарга карабастан миллиондогон чакырууларды тейлеп, адамдардын өмүрүн сактап калууга тийиш. Бул каармандардын арасында Хромтау районунун Тез жардам кызматынын фельдшери Кудияров Бауыржан Султанханович, Тлеу Кайрат Берикули, Рысбай Сая Ыбырайкызы бар. Алардын кар жиреп инфаркт менен ооруган бейтапка бара жатканы өздөрүнүн кесибине чындап берилгендигин көрсөттү. Саламаттык сактоо министрлиги Хромтау райондук тез жардам бригадасынын фельдшерлеринин жан аябас эмгегин баалайт. Ар кандай кыйынчылыктарды жеңип, бейтаптардын өмүрүн сактап калган биздин бардык медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз», — деп жазды ал.