Белгилүү актёр Михаил Ефремов абактан чыкты (видео)

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн жазасын өтөгөн актёр Михаил Ефремов шаршемби күнү, 9-апрелде бошотулду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сот марттын аягында Ефремовду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин кабыл алган. Актёр дарылануу курсунан өтүп, андан соң жумушуна кайтып келерин айткан.

Ошол эле маалда шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулганга чейин Ефремов ай сайын укук коргоо органдарына барып турууга тийиш. Ага жашаган жерин алмаштырууга жана унаа айдоого тыюу салынат.

Актёр 2020-жылы жети жарым жылга соттолгон.