Белгилүү актёр Вахтанг Кикабидзе 84 жашында көз жумду

Белгилүү актёр Вахтанг Кикабидзе узакка созулган оорудан 84 жашында каза болду. Бул тууралуу грузиялык «Мтавари» телеканалы билдирди.

Вахтанг Кикабидзе — советтик жана орус-грузин ырчысы, музыкант жана актёр. Ал “Мимино”, “Ольга жана Константин”, “Акцент менен сүйүү” жана башка тасмалардагы ролдору менен эсте калды.

Ал 1938-жылы 19-июлда Тбилисиде туулган. Грузин ССРинин эл артисти (1980). Украинанын эмгек сиңирген артисти (2013).