Белгилүү футболчу Роналдиньонун апасы коронавирустан каза болду

Бразилиялык футболчу Роналдиньо Мигуэльин Дос Сантостун апасы коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу America TV билдирди.

Белгилүү оюнчунун апасы 71 жашында көз жумган. Ал декабрь айында ооруканага түшкөн эле. Андан кийин апасы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу. Октябрь айында 40 жаштагы футболчунун өзүнөн да COVID-19 табылганы кабарланган. Бирок спортчу ооруну симптомсуз өткөргөн.

Август айында Роналдиньо Парагвайда алты ай жүргөндөн кийин Бразилияга кайтып келген. Экс-футболчу жасалма паспорт колдонгону үчүн камакка алынган.

Роналдиньо 2018-жылы карьерасын жыйынтыктаган. Ал «Барселона», «Пари Сен-Жермен», «Милан», бразилиялык «Фламенго» жана «Атлетико Минейродогу» оюндары менен белгилүү.