Белгилүү КВН оюнчусу Никита Сумароков үйлөнүү тоюна 1 ай калганда көз жумду

Алып баруучу жана КВН оюнчусу Никита Сумароков үйлөнүү тоюна бир ай калганда каза болду. Ал 30 жашта болчу. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты. 

Ал 2010-жылдары КВНдин «Жаңы версиясы» лигасында «Северный квартал» командасынын лидери катары таанылган. 11-сентябрда туулган күнү, 23-сентябрда үйлөнүү тою өтмөк. Бирок 26-августта ал каза болду. Өлүмдүн так себептери азырынча белгисиз.

«Ал көчөдө болчу, досторуна бармак. Ал гараждардын артына эки мүнөткө кетип, кайтып келген жок. Тез жардам келип, анын каза болгонун, жүрөгүнүн согуусу токтоп калганын айтышты», — деди маркумдун досу.