Белгилүү орус блогерине 8-мартка белек катары «жүрөк» таштап кетишкен (сүрөт)

Ника Вайпер деген ат менен белгилүү орус блогери Вероника Назимцевага 8-мартка белек катары «жүрөк» берип жиберишкен. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазган.

«8-март күнү кимдир бирөөнүн «жүрөк» (бир кесим эт) бериши креативдүү болушу мүмкүн, бирок менин маанайымды бузду. Мындай кылуунун эмне кереги бар эле? Мындан мурда эшиктин алдына «эми сенин жашаган жериңди билем» деген кагаз таштап кетишкен. Милиция жөн гана «түз коркутуу жок» деп коюшат. Мен бул жолкусунда ким таштап кеткенин кошунанын камерасынан карап алам», — деп жазды ал.