Белгилүү рэп аткаруучу Доктор Дре жандандыруу бөлүмүнө түштү

Эминем, Snoop Dogg, 50 Cent өңдүү атактуулардын бир канча альбомдоруна продюсерлик кылган, америкалык белгилүү рэп аткаруучу жана продюсер Доктор Дре оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, рэп аткаруучу дүйшөмбү күнү мээ аневризмасына байланыштуу Лос-Анжелестеги ооруканалардын бирине жаткырылган. Азыркы учурда абалы канааттандырарлык экенин ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Мен үчүн кыжаалат болгондорго рахмат! Азыр баары жакшы, жакынкы күндөрү ооруканадан чыгам”, — деп жазган ал.