Белгилүү түрк ырчысы Таркан концертте апасын эстеп ыйлады (видео)

Белгилүү түрк ырчысы Таркан апасы каза болгондон кийин биринчи жолу концерт берип, анын жүрүшүндө апасын эстеп ыйлады.

Ырчынын апасы ал Европада концерттик тур менен жүргөн учурда, 16-апрелде жүрөгү ооруп каза болгон. Ырчы Германиядан келип, апасын акыркы сапарга узаткан.

Ырчы эң алгач апасынын жакшы көргөн чыгармасын аткарып, көзүнө жаш алды.