Белгисиз жаран бала бакчага бычак менен кол салды

Кытайда белгисиз жаран бала бакчага кол салып, 18 адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялашты.

Окуя Бэйлю шаарында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 16 бала жана эки тарбиячы бычактан жаракат алды. Эки баланын абалы оор. Полиция кызматы кылмышка шектүүнү кармаган. Анын эмне үчүн бул кадамга барганы азырынча белгисиз.