Бельгия электрондук тамекилерди сатууга тыюу салат

Бельгия 2025-жылдын 1-январынан баштап ден соолук жана экологиялык себептерден улам бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерди сатууга тыюу салат.

Бул Европа биримдигинин өлкөлөрү үчүн пионердик кадам. Бельгиянын саламаттыкты сактоо министри Франк Ванденбруктун айтымында, арзан электрондук тамеки ден-соолукка коркунуч туудурат. Анткени алар өспүрүмдөрдү тамеки тартууга жана никотинге аралаштыруунун оңой жолу.

«Бир жолу колдонулуучу электрондук тамеки — бул жаңы керектөөчүлөрдү тартуу үчүн иштелип чыккан азгырык продукт», — деди Франк Ванденбрук.