Бельгиянын зоопаркында эки бегемот коронавирус жуктурду

Бельгиянын Улуттук саламаттыкты сактоо институтунун ветеринардык лабораториясы Антверпен зоопаркында кармалган эки бегемоттун коронавирусуна оң тестти тастыктады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

«Эки бегемот Имани (14,5 жаш) жана Хермиен (41 жаш) коронавируска чалдыккан. Жаныбарларда мурундун акканынан башка белгилери байкалбайт. Алар өздөрүн жакшы сезип жатышат. Алар изоляцияда, кароолчулар коопсуздук чараларын күчөтүштү”, — деп айтылат маалыматта.

Зоопарктын администрациясы бегемоттор кантип ооруну жуктурганын билбейт.