Белградда окуучу мектепте ок чыгарып, 9 киши каза болду

Белграддын борборундагы (Сербия) мектептердин биринде өспүрүм классташтарына ок чыгарган.

Маалым болгондой, имаратка 7-класстын окуучусу жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:40 чамасында кирген. Кароолчуну өлтүргөндөн кийин классташтарына ок чыгара баштаган.

Тогуз киши каза болгону айтылууда. Полиция кол салган адамды кармады. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал баңгизаттын таасири астында болгон.