Бензин дагы кымбаттайбы? Орусия май айындагы майрамдардан кийин бензинди өлкөдөн экспорттоого тыюу салышы мүмкүн

Орусиянын энергетика министри Николай Шульгинов май майрамдарынан кийин Орусиядан бензиндин экспорттолушун чектей турган долбоор караларын айтты. Бул тууралуу Лента.ру агенттиги жазып чыкты.

Шульгинов белгилегендей, өлкөдөн мунай заттарын экспорттоону чектөө чаралары шашылыш учурларда киргизилиши мүмкүн. Мисалы, күйүүчү майдын ички баалары көтөрүлүп жатканда. Мындан тышкары министр долбоор боюнча документтер даяр экенидигин, өкмөт тарабынан май майрамдарынан кийин караларын билдирди.

7-майда Орус өкмөтү күйүүчү майдын баасын турукташтыруу боюнча кошумча чараларды көргөн. Ошентип, мунайчылар биржада көз карандысыз май куюучу жайларга бензинди базар баасында сатууга милдеттендирилген. Апрель айынын башында Энергетика министрлиги Орусиядан бензинди үч айга экспорттоого тыюу салууну сунуш кылган. Мындай чаралар күйүүчү майга болгон баалардын өсүшүнүн тездешине жол бербөө максатында көрүлгөн. Экспортко убактылуу тыюу салуу бардык маркадагы бензиндерге жана жеңил дистилляттарга тиешелүү.