Эрдоган менен Бердымухамедов бир-бирине күчүк белек кылышты

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов биринчи жолу Түркияга расмий сапар жасады.

Эки өлкөнүн делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасы түркмөн жаратылыш газы менен электр энергиясын Түркияга өткөрүү болду.

Жалпысынан мамлекеттик маалымат агенттигинин баяндамасына караганда, өлкө башчылары айыл чарбадан тарта БУУнун эл аралык кызматташуудагы ролунун маанилүүлүгүнө чейин мүмкүн болгон бардык темаларды талкуулашкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Бердымухамедов Эрдоганга Гардаш аттуу түркмөн алабай күчүгүн белекке берген. Жооп катары ага Эрдоган түрк күчүгүн тартуулады.