Италиянын мурдагы премьери Сильвио Берлускони дээрлик 5 миллиард евро мурас калтырды. Ал Италиядагы эң бай адамдардын катарында 3-орунда болгон. Мындай жыйынтыкты Corriere della Sera басылмасынын эксперттери чыгарышты.
Каражаттардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк Fininvest холдингинде калат, ал өз учурунда анын 5 баласына жана 16 небересине өтөт. Берлусконинин бизнесинен тышкары бир нече вилласы, ак сарайлары жана үйлөрү бар.
Италиянын экс-премьери Сильвио Берлускони 86 жашында кечээ, 12-июнда каза болду. Ал Италиянын өкмөтүн 1994-1995-жылдары, 2001-2006-жылдары жана 2008-2011-жылдары жетектеген. Ал европалык мамлекеттин өкмөтүн башкарган биринчи мультимиллиардер катары таанымал.