«Бешөө — өспүрүм». Казакстанда бир учурда 11 адам сууга чөгүп кетти

Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча, 11 адамдын 8и суудан чыгарылды. Калган адамдарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Сууга чөккөн 11 адамдын кеминде бешөө жашы жете элек өспүрүмдөр экени маалымдалды.

Кырсык 21-августта Түркстан облусунун Сырдарыя дарыясында болгон. Бир эле учурда 11 адам сууга чөгүп кеткен. Куткаруучулар жабырлануучулардын аты-жөнүн тактоодо. Окуянын чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!

Биздин Телеграм канал: @serepkg