«Бет кап режимин кайра киргизүү керек». ДССУ коронавирусту жуктуруу күчөп жатканын билдирди

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун башчысы Тедрос Гебрейесус коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жаткандыгынан улам бет кап кийүү зарылдыгын айтып, коронавирустун тесттерин тапшырууга чакырды.

Анын айтымында, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бир канча аптадан бери аталган инфекцияны жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Буга майрамдар себеп болушу мүмкүн. Ал бардык мамлекеттердин бийлигин вирустун мутацияга кабылуу ыктымалдыгына көзөмөл жүргүзүүнү сунуштады.